Кыргыз-кытай биргелешкен сериал тартылат. Бюджети 38 миллион доллар
Кинону тартууну Кытай тарап демилгелеген
40 бөлүктөн турган "Жибек Жолунун алыскы шамалы" аттуу киносериал тартылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта сериалды тартуу боюнча макулдашууга Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. кинокомпаниясынын ортосундагы макулдашууга кол коюлганы айтылат.
"Бул долбоорду Кытай тарап демилгелеген. Сценарий боюнча ал 40 сериядан турат. Тасманы тартуу иштери 2023-жылдын экинчи жарымында башталат. Фильмди тартуу иши Кыргызстанда жана Казакстанда, Өзбекстандын аймактарында жүргүзүлөт. Сериалдын бюджети 38 миллион долларды түзөт", — деп жазылат маалыматта.
40 сериялуу "Жибек Жолунун алыскы шамалы" телесериалы батыш аймактарын изилдөө жана батыштагы ар кандай уруулар менен дипломатиялык мамиле түзүү үчүн батышка кеткен Жибек Жолун биринчи басып өткөн Чжан Цяндын окуясына негизделген.
Долбоордун максаты – "Бир алкак, бир жол" демилгесине катышкан мамлекеттердин ортосундагы эл аралык маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү.
Фото www
Окшош макалалар
- ИИМдин кызматкерлери Казакстанда өткөн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
- Жусубали Төрөмаматов Шанхай Пудун өнүктүрүү банкынын Сиань департаментинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү
- Ормон хан тууралуу тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыяланды
- Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет
- Кыргызстандын Казакстанга жасаган экспорту 62%га өстү