Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде ишкер айымдарга грант берилет

Алгач чек ара аймактарында жашаган 20 аял тандалат

Баткенде ишкер болууну каалаган айымдарга грант берилет. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган бул долбоор Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак, Суу-Башы жана Төрт-Гүл айыл аймактарында ишке ашырылат.

Алгач аталган чек ара аймактарында жашаган 20 аял тандалат. Эң мыкты деп тандалган бизнес-планы бар 16 катышуучунун ар бирине кайтарымсыз 540 евро өлчөмүндө грант менен жабдуулар берилет.

Грант алуучу аялдар комиссия тарабынан белгиленген критерийлердин негизинде тандалат. Мындан сырткары, долбоордун алкагында мигранттардын балдары менен иш жүргүзүлөт жана 8 пилоттук мектептин социалдык педагогдору жана мугалимдери балдардын психологиясын окуп үйрөнүшөт.

Бул багытта Баткен шаарында тегерек стол уюштурулуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, долбоорду ишке ашыруу боюнча сунуш пикирлер талкууланды.

Долбоор Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынып, "Баарлашуу, ишеним, укук" коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылууда.

 

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх