Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев «Кулунду» заставасынын чек арачыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды

48 батирлүү турак-жай эксплуатацияга берилди

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 14-сентябрында Баткен облусунда 2021 жана 2022 аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычын тапшыруу салтанаттуу аземи өткөндүгүн маалымдайт.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, УКМК Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн, укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аскер бөлүктөрүнүн колбашчылыгы жана өздүк курамы, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү жана Чек ара кызматынын ардагерлери катышышты.

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылында "Кулунду" чек ара заставасынын комплексинин курулушу аягына чыгарылып, офицердик курамга каралган үй жана казармалык жайлар толук реконструкцияланган. Бүгүн чек арачылардын үй-бүлөлөрү эки жана үч бөлмөлүү бардык шарты каралган батирлердин ээлери болушту.

48 батирлүү турак-жай эксплуатацияга берилди. Бул объект өзүнө аянты болжол менен 300м2 болгон цоколдук кабатты камтып, анда спорт зал жана балдарды кошумча окутууга мүмкүн боло турчу жайлар каралган.

Кызматтык батирлер зарыл болгон тиричилик техникалары менен жабдууланып, заманбап оңдоп-түзөөлөр жүргөн.

Кулунду жана Төрт-Күл айылдарындагы объекттердин курулушу республикалык бюджеттен каржыланган.

Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев чек арачылардын үй-бүлөлөрүнө ачкычтарды тапшырып жатып ар бир аскер кызматчынын кызматы маанилүү экендигин баса белгиледи.

"Эл силерге мамлекеттин коопсуздугун жана бүтүндүгүн табыштады. Баткен облусунда гана эмес, Кыргызстанда жана, дегеле, Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтык жана жай турмуш силердин ар бириңерден көз каранды. Ошону менен катар мамлекет жетекчилиги силерден кынтыксыз кызмат кылууну гана талап кылбастан, чек арачылардын социалдык маселелеринин өз убагында жана сапаттуу чечилишине өзгөчө маани берүүдө" - деп белгиледи генерал-лейтенант К. Ташиев.

Учурда аскердик бөлүктүн аймагында дагы бир турак-жайдын курулушу жүрүүдө, аны эксплуатацияга киргизүү келерки жылдын биринчи кварталына пландаштырылууда.

УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы
Фото УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх