11-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт
Мэрия ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат
11-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Тактап айтканда, эртең, 11-апрелде 9:00дөн 24:00гө чейин шаардын Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрүндө, Рабочий городок, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн төмөн тарабы) суу болбойт.
Суу "Гагарин", "Түштүк-Батыш" суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранат.
Фото www
Окшош макалалар
- Райондордо социалдык маанилүү жана кооптуу оорулар боюнча координациялык кеңешме өттү
- Бишкек мэриясы жаңы унаа кыймылын киргизүүнү сунуштоодо
- Бишкекте КМШ тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны башталды
- Джамиля Джаманбаева: Бишкекте эркек киши жарандык никеде жашаган аялын үтүк менен күйгүзүп кыйнаган
- КМШ саммити: даярдык уланууда