Нью-Йорк мэрине кыргыз чапанын Садыр Жапаров белек кылганы белгилүү болду
Сырт кийимдин кандай шартта, качан берилгени туурасында айтылган эмес
Нью-Йорк шаарынын мэри кийип чыккан кыргыз чапанын тиккен ChapanSar дизайнердик студиясы коомчулукта талкуу болуп жаткан окуянын чоо-жайын айтты.
Маалыматка ылайык, АКШнын ири шаарынын мэри Эрик Адамска чапан президент Садыр Жапаровдун атынан белекке берилген.
"Биздин чапаныбызды кийип чыкканына таң калып, кубандык. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана бренддерди колдоп, ишеним арткан тандоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз! Өлкөлөрүбүздүн ортосунда тынчтыкты жана бекем достукту каалайбыз", — деп жазылат маалыматта.
Бирок сырт кийимдин кандай шартта жана качан билекке берилгени туурасында айтылган эмес.
ChapanSar дизайнердик студиясын дизайнер Жумагүл Сариева негиздеген. Ал элге улуттук чапан, кийимдерди тартуулап келет.
Фото www
Окшош макалалар
- Кыргызстан менен Россия өз ара соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү ниетинде
- Владимир Путин Садыр Жапаровду «Ардак» ордени менен сыйлады
- Садыр Жапаров Бишкек шаарынын музыкалык билим берүү мекемелеринин ишмердигин күтүүсүз барып текшерди
- Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министринин м.а. болуп дайындалды
- Талантбек Иманов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болду