Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» жана «Ош» аэропорттору КМШ өлкөлөрү ичинде мыкты деп табылды

Сынак жыл сайын уюштурулуп келет

«Манас» жана «Ош» эл аралык аэропорттору «КМШ арасындагы жылдын эң мыкты аэропорту» наамын жеңип алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-24-майында Москва шаарында эл аралык 62-чи «Санкциялык режимде аэропорттордун туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо» конференциясы жана «Аэропорттордун техникасы, жабдуулары жана технологиялары» көргөзмөсү өттү.

Аталган иш-чаранын алкагында 2022-жылдагы иштердин жыйынтыгы менен «КМШга мүчө мамлекеттердин жылдын мыкты аэропорттору» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Уюштуруу комитети жыл жыйынтыгында жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, жарандык авиацияны өнүктүрүүгө чоң салым кошкон конкурстун катышуучуларына баа беришти. Ага ылайык бардык талапкерлер төрт даража боюнча жеңишке жетишишкен – «КМШ өлкөлөрүндөгү жылдын мыкты аэропорту», «Жигердүү өндүрүштүк ишмердүүлүгү үчүн», «Аэропортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн», «Аэропорттун динамикалык өнүгүп жаткандыгы үчүн».

Тандамдын жыйынтыгы боюнча «Манас» эл аралык аэропорту» ААК «Динамикалуу өнүгүп жаткан аэропорт» деп табылды, ал эми «Ош» эл аралык аэропорту «Аэропорттун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн» номинациясы боюнча сынактын жеңүүчүсү болду.

Жыл сайын өтүүчү сынак КМШга мүчө-мамлекеттердин аэропортторун ички жана эл аралык рыноктордо ийгиликтүү өнүктүрүүнү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, алардын жетишкендиктерин жайылтуу, жүргүнчүлөрдү тейлөө деңгээлин жогорулатуу, учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында жарандык авиациянын «Аэропорт ассоциациясы» тарабынан уюштурулуп келет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх