Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандан Казакстанга 25 кгдан ашык зер буюмдарды алып өтүү аракети болгон

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө

Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз алып чыгуу канал аныкталды. УКМКдан кабарлашкандай, коңшу өлкөгө 25 килограммдан ашык зер буюмдарды алып өтүү аракети болгон.

19-майда "Ак-Жол" өткөрүү пунктунда жалпы салмагы 25 кг 925 күмүштөн жасалган зер буюмдарын уруксат кагазы жок алып өтүү учурунда Казакстан Республикасынын Б.А.М аттуу жараны кармалган.

Учурда жогорудагы баалуу металлдарга тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн жана келип чыгышын аныктоо ошондой эле милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуунун суммасы боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх