Бишкекте “Акыркы коңгуроо” аталышындагы рейд жүрүүдө
Шаарда атайын күзөт посттору уюштурулду
Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери “Акыркы коңгуроо” аталышында рейд уюштуруп жатышат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, анда шаардын чыгыш жана кириш жактарына атайын күзөт посттору орнотулуп, өспүрүмдөрдү ташыган унаалар текшерүүлөр жүрүүдө. Мектеп окуучулары жүргөн унаалар аныкталган жерлерге мектеп мугалимдери жана ата-энелери чакыртылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Анткени бүтүрүүчүлөр майрамдык маанай менен атайын унааларды жалдашып, эс алуучу жаратылыш жайларына, түнкүсүн кафе, клуб, ресторандарга чогулуп, ичимдик ичип, унаа башкаруу менен ар кандай мыйзамсыз иштерге баруу коркунучтарды алдын алышууда.
Рейддин максаты жаш өспүрүмдөрүнүн жол-транспорт кырсыктарына кабылуусун алдын алууга багытталган.
Фото www