Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир жаран кармалды
Ал маалыматты социалдык тармак аркылуу тараткан
Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун 2001-жылы туулган Р.Ж.Р аттуу жараны №21 угуусу начар жана укпаган балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучусунун жеке инстаграмм баракчасына "bombaa195" фейк аккаунт ачып, ал аркылуу №21- адистештирилген мектеп-интернатынын аймагына кечке маал жардыргыч зат коюу пландалып жаткандыгы тууралуу жалган билдирүү жөнөткөн.
"Ыкчам аракет көрүү планына ылайык, студенттерди жана мекемелердин кызматкерлерин эвакуациялоо чаралары көрүлүп, бирок жогорудагы даректин имараттарын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар жана башка кооптуу нерселер табылган эмес.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында процессуалдык чаралар көрүлүп, кармалган адам КР мыйзамдарына ылайык жазага тартылат", - деп айтылат маалыматта.
Фото www
Окшош макалалар
- Бишкектин тургунунун унаасынан “марихуана” баңгизаты табылды
- Баткенде "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги жана китеби табылды (фото)
- Чүйдө келин жаңы төрөгөн наристесин 100 миң сом жана айфонго сатып жиберген
- УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)
- УКМК: Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу боюнча эл аралык канал аныкталды (фото)