Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекет кумар оюндарынан канча акча тапты?

Бүгүнкү күнү карата 1 казиного жана 4 букмекердик конторго лицензия берилген

"Кыргыз Республикасындагы кумар оюндары жөнүндө" мыйзам кабыл алынгандан бери казинодон жана букмекерлерден мамлекетке126 млн сом түштү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.

Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө карата 1 казиного жана 4 букмекердик конторго лицензия берилген.

"Казинодон 84 млн сом түштү, ал эми букмекердик конторлордон 42 млн сом түштү", - деди Пирназаров.

Депутат Исхак Масалиев буга чейин миллиард кирешени убадалап жатышканын эске салды.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх