Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Акыркы коңгуроо"

Ош шаарында коопсуздук катуу көзөмөлдөнөт

Ош шаарында “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүүдө коопсуздук катуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жыйында айтылганын мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга мэрдин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык билим берүү мекемелеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

Анда мектептерде “Акыркы коңгуроо” иш-чарасын өткөрүү жана мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо маселеси каралып, иш-аракеттерди күчөтүү белгиленди.

"25-май күнү шаардагы бардык 55 мамлекеттик жана жеке мектептердеги коопсуздук укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүп, унаалар менен шаар ичинде жана сыртка чыгуусуна тыюу салынат. Мындан сырткары, мектеп директорлоруна жана мугалимдерге Акыркы коңгуроого акча чогултууга жана окуучуларды бул күндөрү көңүл ачуучу жайларга, кафе-ресторандарга, жайлоого алып чыгууга уруксат берилбейт", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан билдиришкендей, коопсуздукту алдын алуу максатында, мугалимдердин жана ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, маараке өтүүчү жайлардын ээлерине алдын ала буюртмаларды алууга тыюу салуу, аталган салтанатты жеке үйлөрдө өткөрүүгө бөгөт коюу, 25-майдан тарта 25-июнга чейин күнү-түнү укук коргоо органдары, билим берүү кызматкерлери биргеликте көзөмөл жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх