Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Республиканын аймактарында акыркы коңгуроо иш-чаралары кандай өттү?

ИИМдин маалыматы

"Акыркы коңгуроо" салтанатту иш-чарасы республиканын аймагында эч кандай өзгөчө кырдаалдарсыз, тынч өттү. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 25-майда республиканын бардык аймактарында акыркы коңгуроого арналган майрамдык иш-чаралар болуп өттү. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде кызматын улантууда.

Билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо максатында республиканын ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн режимине өткөрүлгөн. Борбор калаадагы бардык мектептерде балдар иштери боюнча инспекторлор, милициянын аймактык инспекторлору жана ЖКККББнын кызматкерлери кызмат өтөштү.

Майрамдык иш-чараларга 2366 билим берүү уюмдарынан 200 миңге жакын бүтүрүүчүлөр катышты. Акыркы конгуроо учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого 5 миңге жакын милиция кызматкерлери жана 52 милициянын көчмө кабылдамасы камсыздады.

Учурда өлкөдө абал туруктуу, милиция кызматкерлери тартипти сактоо жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх