Кыргызстандын футбол курама командасынын ичинен эң кымбат оюнчу ким?
Эң кымбат оюнчу улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин болду
Май айынын ортосунда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучулар штабы кеңейтилген курамды тааныштырган.
Авторитеттүү Tranfermarkt порталы өз сайтында Кыргыз курама командасы боюнча маалыматтарды жаңыртып, оюнчулардын жаңыланган “баа белгилерин” сунуштады.
Германиялык басылманын талдоочулары улуттук кураманын кеңейтилген курамын 8,3 млн еврого баалашты.
Ошентип, эң кымбат оюнчу улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин (750 миң евро) болду. Экинчи орунда алматылык “Кайраттын” экс-оюнчусу Гүлжигит Алыкулов (600 миң евро) турат. Эң кымбат "акшумкарчы" үчилтигине түркиялык "Галатасарайдын" (U-19) чабуулчусу Бекназ Алмазбеков кирди.
Бул курамда команда жаңы машыктыруучу Стефан Тарковичтин жетекчилиги астында 1-июндан 9-июнга чейин Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрөт. Андан соң башкы машыктыруучу акыркы курамды жарыялайт жана команда Борбордук Азиядагы биринчи турнирдин – CAFA Nations Cup 2023тун тайпалык баскычында Иран жана Афганистандын курама командалары менен беттешет.
Фото www
Окшош макалалар
- Азия оюндары: Айпери Медет кызы финалга чыкты
- КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл оюндары: “АК ИЛБИРС” спорт мектебинин тарбиялануучулары 7 медаль жеңип алышты
- Спорт мектебинин окуучусу таэквондо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду
- Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт
- Айпери Медет кызы финалга чыкты (фото)