"Батуми" кафесин буздурган Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды
Кафе ээсинин жактоочусу буга чейин Орунтаевдин үстүнөн арыз жазганын айткан
"Батуми" кафесин буздурган Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат булактары билдирди.
Белгилей кетсек, Орунтаев шаршемби күнү атайын техника менен барып кафени буздуруп, ичиндеги буюм-тайымдарды сыртка чыгартып салган. Ал кафе мыйзамсыз курулганын, бузуу боюнча алдын ала кабарлама берилсе тоготпой коюшканын айтууда. Ал эми "Батуминин" ээсинин адвокаты муну аша чабуу катары сыпаттап, бузууда 9 миллион сомго жакын зыян келтирилип, 50 адам жумушсуз калганын белгилеген.
Окуя болгон күндүн эртеси кафеге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барып, эгер сүрдүрүү мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга тапшырма берген. Өз кезегинде жактоочу Орунтаевдин үстүнөн арыз жазганын билдирген.
Фото www
Окшош макалалар
- УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча
- ИИМдин кызматкерлери Казакстанда өткөн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты
- Жусубали Төрөмаматов Шанхай Пудун өнүктүрүү банкынын Сиань департаментинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү
- Бишкек мэриясы кездеме калдыктарын кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып алды
- УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)