Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дары департаментинин директору бир айга тергөө абагы

Сот чечимди тергөөчүнүн берген сунуштамасынын негизинде кабыл алган

Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин кармалган директору А.А.И. 23-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Мындай чечимди сот тергөөчүнүн берген сунуштамасынын негизинде кабыл алган.
Эске салсак, аталган департаментти Абалиева Айнура 2022-жылдын ноябрынан бери жетектеп келет.
УКМК ал туруктуу коррупциялык схема түзүшү мүмкүн деген маалымат тараткан. Алар дары-дармекти каттоо жана сертификат берүү процедурасын тездетип беришкенин жазган.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх