Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Быйыл Кыргызстанда 11-классты дээрлик 60,3 миң окуучу аяктады

Статистика

Кыргызстанда быйыл 11-классты 60 миң 299 окуучу жана 9-классты 111 миң 72 окуучу аяктады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алсак, Бишкек шаарында – 8 миң 111, Ош шаарында – 1 миң 849, Чүй облусунда – 10 миң 353, Ош облусунда – 13 миң 377, Талас облусунда – 2 миң 607, Нарын облусунда – 3 миң 700, Ысык-Көл облусунда – 5 миң 276, Жалал-Абад облусунда – 10 миң 90, Баткен облусунда – 4 миң 939 окуучу 11-классты аяктады.

Ал эми 9-классты Бишкек шаарында – 15 миң 688, Ош шаарында – 5 миң 717, Чүй облусунда – 18 миң 295, Ош облусунда – 23 миң 349, Талас облусунда – 5 миң 10, Нарын облусунда – 5 миң 196, Ысык-Көл облусунда – 8 миң 566, Жалал-Абад облусунда – 20 миң 548, Баткен облусунда – 8 миң 703 окуучу аяктады.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх