“Мурас” футбол турнири
“Ден соолук” командасы жеңүүчү аталды
“Мурас” футбол боюнча достук турниринде “Ден соолук” командасы “Спорттук федерациялар” командасын утуп, жеңүүчү аталды.
Эки таймдын соңунда эсеп 1:1 болуп, пенальтилер сериясы жарыяланды. Пенальтилердин жыйынтыгында эсеп 4:1 болуп, саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнүн командасынын пайдасына чечилди.
Белгилей кетсек, “Президенттин командасы” “Мурас” футбол боюнча достук турниринин коло байге ээси болду.
Эске салсак, бүгүн Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” футбол боюнча достук турниринин финалдык беттештери өттү. Турнир Кыргызстандын футбол биримдигинин жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулуп, жылына эки жолу өткөрүлөт.
Фото www
Окшош макалалар
- “Мурас” турнири
- Бишкекте президенттин катышуусунда кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтөт
- Кыргызстандын футбол курама командасынын ичинен эң кымбат оюнчу ким?
- Кыргызстандын футбол курама командасы ноябрда дүйнө чемпионатынын тандоо турунда ойнойт
- Кыргызстандык бийчилер Италияда өткөн турнирде алтын медалга ээ болушту