Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Аламүдүн" базарынын айланасы иретке келтирилет

Схема иштелип чыкты

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Аламүдүн базарынын айланасында автоунаалардын кыймылын тартипке келтирүү схемасы иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Буга ылайык, "Аламүдүн" базарынын айланасындагы көчөлөрдөгү жол белгилери дагы өзгөртүлөт.

Алсак: Курманжан Датка көчөсү боюнча Салиева көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин автотранспорт каражаттарын токтотууга тыюу салган жол белгилерин орнотуу;


автотранспорт каражаттарынын чыгыштан батышка жана батыштан чыгышка карай Жалил көчөсү боюнча Буденный көчөсүнөн Курманжан Даткага чейинки жол белгилерин кайра куруу менен кыймылын өзгөртүү;


Жибек-Жолу проспектисинин батыш тарабына (түндүк-батыш тарабы) аялдама комплексин көчүрүү;


Курманжан Датка көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Куликовск көчөсүнө чейин (эки тарапка) автотранспорт каражаттарынын токтошуна тыюу салган жол белгилерин орнотуу.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх