Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тобольский тилкесинде жаңы жол

Унаа жолундагы иштер аяктагандан кийин бригада батыш тарабынан тротуарды капиталдык оңдоону баштайт

Жаңы асфальт эми Тобольский тилкесинде дагы болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн Тобольский чолок көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкеде унаа жолу оңдолуп жатат.

Эски асфальтты алып, жол бордюрларын орноттук, жолдо асфальтка чейинки даярдадык иштери аткарылып, асфальт төшөлдү.

Унаа жолундагы иштер аяктагандан кийин бригада батыш тарабынан тротуарды капиталдык оңдоону баштайт, жолдун чыгыш тарабынан кызыл сызыктан чыккан курулмаларды демонтаждоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Капиталдык оңдоо учурунда №60 мектептин тосмолорун жылдыруу жана бетон дубалдарын демонтаждоо курч маселе болду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх