Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ОшМУда Москва мамлекеттик университетинин борбору ачылды

ОшМУ Россиянын 70тен ашуун ЖОЖдору менен кызматташып келет

Ош мамлекеттик университетинде М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин “Ломоносов” атындагы борбору ачылды.

ОшМУдан билдиришкендей, ачылыш аземине Россиянын билим берүү жана илим министринин орун басары Константин Могилевский баштаган расмий делегация, Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев баштаган ЖОЖдордун ректорлору, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

Ачылыш аземинде Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий онлайн кайрылуу жасады. Андан сырткары, аземге катышып жаткан Россиянын билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский, билим берүү министри Каныбек Иманалиев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Алар борбор кыргыз-орус билим берүү жаатындагы мамилесинин өнүгүшүнө өзгөчө имульс берип, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун арасындагы кызматташтыкты бекембей тургандыгын белгилешти.

“Ломоносов” борборунда 3 багыт боюнча кош дипломдуу билим берүү программалары ишке ашат. Алар туризм (бакалавриат), эл аралык мамилелер, математика жана компьютердик илимдер, колдонмо математика жана информатика багыты боюнча магистратура программалары.

Студенттер 1-2-курсунда ОшМУда билим алышса, 3-4-курста Москва мамлекеттик университетинен билим алышып, эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат. Башкача айтканда, борбор Москва мамлекеттик универистетинин Кыргызстандагы филиалы катары кызмат кылып, жаңы кызматташтыктардын ишке ашуусуна шарт түзөт.

“Ломоносов” атындагы борбордун ачылышы тууралуу келишимге эки окуу жайдын жетекчилери 2023-жылдын 3-мартында Москвада өткөн Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV конгрессинин алкагында кол койгон.

Салтанаттын катышуучулары жана коноктору борбордун заманбап техникалык базасы, студенттердин жаңы технологиялар жаатындагы иштеринин көргөзмөлөрү, жаштар бизнес паркынын студенттеринин стартап долбоорлору менен таанышты.

Муну менен катар Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана өкүлдөрү Кыргызстанда эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ректорлорунун III форумун өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Учурда ОшМУ Россиянын 70тен ашуун ЖОЖдору менен кызматташып келет.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх