Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Ал "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" экинчи саммитине катышат
Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын маалыматына караганда, Евробиримдиктин башчысы үстүбүздөгү жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" экинчи саммитине катышат.
"Эртеси, 3-июнда, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин Кыргызстанга расмий сапары болот. Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Тар жана кеңейтилген форматтарда тараптар кыргыз-европалык өнөктөштүк маселелерин талкуулашат", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.
Фото www
Окшош макалалар
- Акылбек Жапаров Гамбург шаарынын биринчи мэри Петер Ченчер менен жолугушту
- Акылбек Жапаров АКА-Банктын башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушту
- Кыргызстанда 25-октябрдан тарта көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет
- Кыргызстан менен Россия өз ара соода жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү ниетинде
- ИИМдин кызматкерлери Казакстанда өткөн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты