Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМдин кызматкерлери Казакстанда өткөн экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча тренингге катышты

Аталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана АКШ өлкөлөрүнөн 30 тан ашык укук коргоо кызматкерлери катышты

2023-жылдын 4-сентябрынан 15-сентябрына чейин АКШнын Кыргызстандагы
элчилигинин колдоосу аркылуу эл аралык эксперттердин катышуусунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн «Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын жетекчилеринин ролу» темасындагы окутуу-тренингине катышып, тажрыйба алмашышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана АКШ өлкөлөрүнөн 30 тан ашык укук коргоо кызматкерлери катышты.

Окутуу семинарынын жүрүшүндө АКШдан келген эксперт-тренерлер экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү багытында теориялык жана практикалык жардамдарды көрсөтүү менен АКШда жана чет мамлекеттердеги экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө укук коргоо органдарынын ролу боюнча тажрыйбаларды бөлүшүү аркылуу интерактив форматында жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Мындан сырткары Казакстандагы, Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнүн ыкмалары жана тажрыйбалары менен маалымат алмашылып, кызматташуу маселелери талкууланды.

Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга АКШнын

Кыргызстандагы элчилиги тарабынан даярдалган сертификат тапшыруу менен эксперттер тарабынан семинарда колдонуу үчүн усулдук китепчелер таратылды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх