Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 25-октябрдан тарта көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет

Ал 90 күн бою күчүндө болот

Кыргызстанда 25-октябрдан тарта көмүрдүн баасын мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

«Көмүрдүн баасынын жогорулашына жол бербөө, анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында «Баа түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 10-беренелерине ылайык көмүрдүн калк үчүн өзгөчө социалдык маанисин эске алуу менен, жылытуу мезгилинде ага баалардын негизсиз жогорулашынын орун алган тобокелдиктерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №133 буйругу менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасы 2023-жылдын 25-октябрынан тартып 90 календардык күндүк мөөнөткө», - деп айтылат билдирүүдө.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы министрлер кабинетинин 8-сентябрдагы токтомуна ылайык иштеп, Кыргызстандын облустарында жана Бишкек жана Ош шаарларында көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээлин белгилейт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх