Жогорку Кеңештин алты депутаты Японияда жүрөт
Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди
Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Талайбек Масабиров, Шаирбек Ташиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Марлен Маматалиев жана Алишер Козуев Япония мамлекетинде иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Парламенттик делегация Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Эркинбек Осоевдин коштоосунда бир катар жолушууларды өткөрүүдө.
Алгач депутаттар, Гэн Накатани баштаган «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен баарлашып, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле жолугушууда парламенттер аралык байланышты чыңдоо тууралуу сөз болду.
Андан тышкары, эл өкүлдөрү Японияда эмгектенип жана окуп жүргөн кыргызстандыктар менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угушту.
Муну менен катар жергиликтүү жетекчилер менен бирге экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүшүштү. Айрыкча, соода байланышын жакшыртуу жана инвестиция тартуу жаатындагы маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.
Фото www
Окшош макалалар
- Депутат: Кыргызстанда капкара кийингендер көбөйду, паранжа кийгендерге тыюу салыш керек
- Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Чолпон-Атада жолукту (фото)
- Бишкектеги Кыргыз-Азербайжан достук сейил багында этнографиялык фестиваль өттү (фото)
- Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын туристтердин келиши күтүлүүдө
- Элдик курултайдын делегаттары ЖК депутаттарына каршы чыгууга даяр