Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мелис Аспеков ырайым менен абактан бошотулду

Ал “Опузалап талап кылуу” айыбы менен алты жылга соттолгон

“Опузалап талап кылуу” айыбы менен алты жылга соттолгон активист Мелис Аспеков абактан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жактоочусу Сергей Манукян тастыктады.

“Ал өзү эркиндикке чыкканын айтып чалды. Президенттин ырайымы менен чыккан экен”, – деп билдирген жактоочусу.

Мелис Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке «15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу» деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

2022-жылы 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх