Эртең Бишкекте «Бактылуу балалык» республикалык фестивалы өтөт
Фестиваль “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда болот
Эртең, 1-июнда, “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Бактылуу балалык - Счастливое детство» республикалык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Иш-чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев катышып, көргөзмөдөгү балдардын чыгармачылыгы жана мастер-класстардын иши менен таанышат.
Андан соң министр Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде балдардын сүрөттөрүнүн эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышына катышат.
Иш-чарага Франция, Казакстан, Өзбекстан жана Армениянын элчилери да чакырылган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- Султанбай Айжигитов тележурналистерди кесиптик майрамы менен куттуктады
- Ошто Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди (фото)
- Жол инспекторлору Бишкектеги конуштардын кичинекей тургундарын куттукташты (фото)
- Эртең балдар күнүнө карата кандай иш-чаралар өтөт?
- Ошто Балдарды коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт