Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең балдар күнүнө карата кандай иш-чаралар өтөт?

Программалардын тизмеси

1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Бишкек мэриясы шаар тургундары үчүн майрамдык программаларды даярдады. Борбор калаа башкармалыгынан салтанаттуу иш-чаралардын өтүүчү жерлерин жана убактыларын жарыялады.

31-майда саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Наристе" фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Кеңири масштабдагы иш-чарага Россиядан, Казакстандан, Тывадан Монголиядан, Башкириядан, Сахадан, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.


1-июнда саат 10:00дөн 21:30га чейин "Ала-Тоо" аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт. Коноктор үчүн фуд-корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор уюштурулат. Балдарды жана алардын ата-энелерин этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтүүдө.

Саат 17:30да аянтта "Наристе" фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт коюшат.

Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган D Billions музыкалык тобунун чыгат. Майрамды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен биринчи айымдын "Эне-балага тирек" коомдук фонду уюштурууда.

Райондор боюнча уюштурулуп жаткан майрамдар:

Биринчи Май району:

29-майда саат 09:40та райондун 300 окуучусу "Россия" кинотеатрында "Трио в перьях" мультфильмин көрүшөт;
30-майда саат 10:00дө "Сейтек" улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда 600 балага арналган иш-чара өтөт;

1-июнь саат 10:00 "Ак-Босого" конушунда Чүй 41 көчөсүндө БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун каржылык колдоосу менен курулган сквер ачылат;

2-июнь күнү саат 14:00дө И.В.Панфилов атындагы паркка аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 150 бала барат;

10-июнда саат 10:00дөн 14:00гө чейин И.В.Панфилов атындагы сейил багында "Джубили Кыргызстан" камсыздандыруу компаниясы таттууларды таратуу, сүрөттөр үчүн зонаны түзүү жана музыкалык коштоо менен "Өзүңдүн мультик баатырыңды жарат" аттуу балдардын чыгармачылык сынагын өткөрөт.

Свердлов району:

31-майда саат 9:00дөн баштап Каражыгач токоюнда иш-чара уюштурулат. Аймак шарттуу түрдө 5 зонага бөлүнөт: маданият, көңүл ачуу, ден соолук, спорт, чыгармачылык, тамак-аш зонасы. Парктын конокторун асфальтка сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар, мольберт, пионербол, дартс, шашки, шахмат, футбол, тогуз коргоол боюнча спорттук мелдештер, чыгармачыл коллективдердин концерти күтүүдө;

1-июнь күнү саат 11:00дө 200 бала Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрына барышат;

2-июнда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 50 баласы М.Жангазиев атындагы куурчак театрында болушат;

Октябрь району:

1-июнь күнү саат 17:00дө "Ынтымак" сейил багында "Колдон колго", "Аутизмди жеңебиз | RG" коомдук уюму менен биргеликте шоу-программа жана жарманке менен майрам уюштурулат.

Ленин району:

Район башчысы "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси менен "Үмүт" балдар реабилитациялык борборуна барат.

"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Сиздерди майрамга катышып, балалыктын кайталангыс атмосферасынан, жылмаюудан жана көңүл ачуудан ырахат алууга чакырабыз", - дешет мэриядан.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх