Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камактагы Кемпир-Абадчылар депутаттардан чет элдик өкүл жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл албоону суранышты

Алардын кайрылуусун толугу менен жарыялайбыз

Камакта жаткан Кемпир-Абадчылар Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасашты. Алар чет элдик өкүл жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл албоону суранышты.

Кайрылууну толугу менен жарыялайбыз.

«Урматтуу депутаттар,

Эркиндигибизди жоготуп, адилетсиз жана мыйзамсыз камакта жатсак дагы, Жогорку Кеңештин чет элдик өкүл жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып атышын өлкөбүздүн эркиндигине балта чапкан, улуттук кызыкчылыбызга туура келбеген кадам деп эсептейбиз.

Ошондуктан силерге кайрылып, бул мыйзамды кабыл албоого чакырууну туура көрдүк.

ХХI кылымда улуттун мамлекетке кана ээ болушу жетишсиз. Биздин улут эркин мамлекетке ээ болушу керек. Ошондо кана биз өлкөбүздө социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кыла алабыз.

Чет элдик өкүл мыйзамын кабыл алуу Кыргызстанды Түндүк Корея, Түркмөнстан тарапка түртөт. Эркиндик, адам укугу муунтулат. Элибиздин келечеги үчүн эң зарыл болгон жарандык коом жок болот. Жакырчылык, жумушсуздук күчөйт.

Эл аралык финансы институттарын, гуманитардык уюмдардын колдоосу азаят же токтойт. Тышкы саясатта авторитардык, диктатуралык мамлекеттер менен гана мамиле кылган “изгой” өлкөлөрдүн катарына биротоло кошулабыз.

Бул мыйзам бийлигин бекемдөөнү, сөз эркиндигин жок кылууну, караңгы көз карашты элибизге таңуулагысы келген кичинекей саясий топтун кана кызыкчылыгына жооп берет.

Ушул себептерден улам, жерибиздин бүтүндүгү, элибиздин эркиндиктери үчүн күрөшүп, камакта жаткан Кемпир-Абадчылар силерден бул мыйзамды кабыл албоону суранабыз.

Мыйзамсыз камактагы Кемпир-Абадчылар»

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх