Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокуратурадан тергөөнү алуу мыйзам долбоорун парламент биринчи окууда колдоду

Жаңы мыйзам кабыл алынса, ал иштер тиешелүүлүгүнө жараша ИИМ менен УКМКга өткөрүп берилет

Жогорку Кеңештин 31-майындагы жыйынында депутаттар прокуратура органдарынан тергөө функциясын алып салуу жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун буга чейин президент Садыр Жапаров сунуштаганы белгилүү болгон. Долбоордун баяндамасын юстиция министри Аяз Баетов жасаган.

"Мыйзам долбоору укук коргоо органдары системасында тең салмактуулук принцибин камсыздоо менен жазыктык куугунтуктоону жүргүзүүдө коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоого багытталган. Прокуратура тарабынан жүргүзүлчү көзөмөл функцияларын төмөндөтүү же алып салуу максатын көздөбөйт", - деди Баетов.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаеванын айтымында Башкы прокуратуранын тергөөсүндө 933 кылмыш иши каралып жатат.

Жаңы мыйзам кабыл алынса, ал иштер тиешелүүлүгүнө жараша ИИМ менен УКМКга өткөрүп берилет.

Эске салсак, 2021-жылы жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө укугуна ээ болгон.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх