Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөдө 2 млрдга жакын адам ичүүчү сууга муктаж

Бул тууралуу Акылбек Жапаров “Суу – өнүгүү башаты” форумунда кеп кылды

Дүйнө жүзү боюнча 2 млрдга жакын адам ичүүчү сууга жетпей, дүйнө калкынын 40 пайызы суунун тартыштыгынан жапа чегип келет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Суу – өнүгүү башаты” аттуу Бишкек суу форумунда билдирди.

Анын айтымында, сууну керектөөнүн 70%га жакынын айыл чарбасы түзөт. Белгилүү болгондой, Борбор Азия өлкөлөрү дагы агрардык мамлекет. Барган сайын адамзаттын сууга болгон суроо-талабы өсүүдө жана ал 2050-жылга карата 40 пайыздан ашык көбөйөт деп болжолдонууда.

Акылбек Жапаров климат өзгөрүп жаткан учурда, коопсуз ичүүчү сууга, санитарияга жана гигиенага жетүү адамдын ден соолугу жана бакубат жашоосу үчүн эң негизги муктаждыгына айланганын белгиледи.

“Кыргызстандын аймагынын 4%дан ашыгын мөңгүлөр жана карлуу тоолор ээлейт. Мөңгүлөрдө сакталган суунун жалпы кору 650 км3 деп бааланып, Борбордук Азиянын суу ресурстарынын 38%га жакынын түзөт. Белгилей кетсем, Кыргызстан жалпы суу ресурстарынын 20-25%ын пайдаланат. Мунун 93%га жакыны айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн колдонулат”, – деди Жапаров.

Мындан улам Бишкек суу форумунда жаратылышка этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу деген сөздүн чыныгы маанисин түшүнүүнүн зарылдыгы айтылды.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх