Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта кызмат адамдары мораторийге карабастан жер тилкелерине мамлекеттик акт берип келишкен (фото)

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду

Таласта кызмат адамдары мораторий коюлган жана сугат айдоо жерлеринин категориясына кирген жер тилкелерине мамлекеттик акт берип келишкен Бул тууралуу Улутук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык,Талас районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемеси, архитектура башкармалыгынын жана Нуржанов айыл аймагынын айрым кызмат адамдары 2014-2022-жылдар аралыгында материалдык пайда алуу максатында жеке менчик укугу тууралуу документтерди мыйзамсыз жол-жоболоштуруп беришкен.


Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда келтирилген зыянды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.


Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх