Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Базар-Коргондо торпокту куткарам деп 18 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

Кырсык ушул жылдын 31-майында болгон

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда 18 жаштагы жигит каналга түшүп кеткен торпогун куткарам деп сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык ушул жылдын 31-майында болгон.

Окуя Базар-Коргон РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. "Сөөккө сырттан кароо жүргүзгөн учурда шек жараткан жаракаттар байкалган эмес. Каза болгон жарандын жакындары эч кимге доосу жок экендигин айтып, арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты", - деп билдиришти милициядан.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх