Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арадагы жаңжалда талкаланган Лейлектеги 100 үй калыбына келтирилди (фото)

Баткен облусу боюнча жалпы 417 үй жабыркаган

Былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга талкаланган Лейлек районундагы 100 үй калыбына келтирилип, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен. облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жана облус башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Лейлек районунун чек ара айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринен кабар алышты.

Жетекчилер турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуп, курулуштун сапаты боюнча сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда Баткен облусу боюнча жалпы 417 үй жабыркаган болсо, анын ичинен 100ү Лейлек районунда жайгашкан.

Эске салсак, 2022-жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алуу максатында Баткен облусунун жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара заставаларына жана калктуу конуштарына куралдуу кол салган.

Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен, КР Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 63 адам курман болуп, 198 адам жабыркаган. Ошондой эле турак жайлар, социалдык объектилер талкаланган.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх