Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айгүл Жапарова Таласта йога клубдарын ачууга, 4 бүлөгө саан уй берүүгө көмөктөштү

Үй ээлери биринчи айымга ыраазылыгын билдиришти

Биринчи айым Айгүл Жапарова Талас облусуна барып Айтматов районунун жети айылында өзүнүн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен йога студияларын ачты. Бул тууралуу канайым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жапарова көп балалуу төрт үй-бүлөгө барып, алардын социалдык абалы, муктаждыктары менен таанышып, көп балалуу энелер жана майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөр кабылган кыйынчылыктарынан кабар алган. Андан сырткары, төрт үй-бүлөгө демөөрчүлөрдүн көмөгү менен бирден саан уй тапшырылган.

Үй ээлери Жапаровага көрсөткөн жардамы жана көңүл бургандыгы үчүн ыраазылыгын билдиришти.


"Мындан сырткары, Жапарова Талас облусуна барганда Айтматов районунун жети айылында өзүнүн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жакында ачылган аялдар үчүн йога студияларында болду. Йога студияларынын ачылышы үчүн демөөрчүлөрдүн жардамы менен аялдардын ден соолугун чыңдап, толук кандуу алектенишине керектүү бардык нерселер сатып алынган", — деп айтылган маалыматта.

Жапарова Талас облусунун Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине да барган.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх