Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айпери Медет кызы финалга чыкты (фото)

Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүүдө

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдештин финалына чыкты.

Спортчу 76 кг салмак категорияда беттешип, украиналык балбанды 10:6 эсебинде, ал эми кытайлык спортчуну 6:3 эсебинде артта калтырды.

Айпери Медет кызы финалда кытайлык балбан менен күч сынашат.

Финалдык беттештер саат 18:00дө башталат.

Белгилей кетсек, 1-4-июнга чейинки аралыкта Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүүдө.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх