Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия оюндары: Айпери Медет кызы финалга чыкты

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 до башталат

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айпери Медет кызы Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына чыкты. Бул тууралуу спорт департаментинин пресс-катчысы Айгерим Турдалиева билдирди.

Спортчу 76 кг салмак даражасында беттешип, 2 беттеш өткөрдү. 1/8 финалда спортчу Кытайлык балбан кызды 2:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда Въетнамдык атаандашын утуп, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалда Тайбейлик атааншын 8:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Белгилей кетсек, финалда казак балбаны Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00 до башталат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх