Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш: Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн күрөшөт
Cпортчу коло медаль үчүн канадалык балбан менен күч сынашат
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Бишкек шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы Дүйнөлүк рейтингдик мелдешинде коло медаль үчүн күрөшөт.
Жуманазарова 68 кг салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышты. Анда ал казакстандык балбан Елена Шалыгинаны 1:1 эсебинде жеңди. 1/2 финалдык беттеште монголиялык балбанга 2:1 эсебинде жеңилди.
Белгилей кетсек, спортчу коло медаль үчүн канадалык балбан менен күч сынашат.
Финалдык беттештер, саат 18:00до башталат.
Белгилей кетсек, 1-4-июнга чейинки аралыкта Бишкекте күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдик мелдеш өтүүдө.
Фото www
Окшош макалалар
- Азия оюндары: Авазбек Аманбеков коло медаль тагынды
- КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл оюндары: “АК ИЛБИРС” спорт мектебинин тарбиялануучулары 7 медаль жеңип алышты
- Спорт мектебинин окуучусу таэквондо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду
- Айпери Медет кызы финалга чыкты (фото)
- Күрөш боюнча рейтингдик мелдеш