Жакында Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт
Каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылат
Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тартып Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июндан 31-августка чейин күнүгө аткарылат.
"Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Билеттерди алдын ала 12-июндан баштап сатып алууга болот", - деп айтылат маалыматта.
Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, дем алышсыз кайрылсаңыздар болот:
- мобилдик тел.: 0705 076696
- стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40
Фото www
Окшош макалалар
- Бишкек мэриясы кездеме калдыктарын кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып алды
- Базар-Коргондо торпокту куткарам деп 18 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти
- Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Чолпон-Атада жолукту (фото)
- Чолпон-Атадагы "ЕБ — БА" II саммитин 170тей журналист чагылдырууда
- Садыр Жапаров Эрдогандын инаугурациясына барат