Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Авангард стиль» курулуш компаниясынын директору Эрнис Миңкеев СИЗОго киргизилди

Ал 4-ноябрга чейин камакка алынган

«Авангард стиль» курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Миңкеев убактылуу кармоочу жайга камалды. Мындай чечимди 9-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Ал 4-ноябрга чейин СИЗО-1де камакта болот.
Маалым болгондой, Миңкеев УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Иштин чоо-жайы азырынча белгисиз.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышы бар деп шектелүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх