Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү боюнча козголгон кылмыш иши жүрүп жатат

ИИМдин кызматкерлери алдамчылыкка шектүүнү кармоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам кызматкерлер тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте кылмышка шектүү катары 45 жаштагы М.М. кармалды.

Учурда аталган факты боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү “Алдамчылык” боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө иштери жүрүп жатат.

Алынган маалыматтарга караганда, 2021-жылдын күзүндө аталган жаран М.М. Бишкек шаарынын жашоочусунан 10 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдоо жолу менен ээлеп алган. Шектүү жабырлануучуга алгач күрөө катары “Лексус” үлгүсүндөгү унаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним катын калтырган. Бирок көп өтпөй кайра келип, “шашылыш ишим бар”,- деген шылтоо менен унааны бир аз убакытка кайтарып берүүнү суранган.

Ошондон кийин гана ал көздөгөн максатына жеткенден кийин кайра келбей, ал унаасын башка адамдарга сатып жиберген.

Фото ИИМ басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх