Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

10 жылга соттолгон кримтөбөл өткөн аптада башка кылмышка шектелип кармалды

Кантип?

Ошто милиция кызматкерлери опузалап талап кылууга шектелген эки адамды кармаган. Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун Казак каймана аттуу мүчөсү экенин укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн дем алыш күндөрү 1981-жылы туулган Казак, ошондой эле Кара-Суу районунун 1978-жылы туулган Ж.А. SKY-bar түнкү клубунда кармалган. Алар Бишкектин 36 жаштагы тургунунан Toyota Camry-70 (2020-жылы чыккан) үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, Ош шаарынын тургунуна сатканга шектелүүдө.

Кармалгандарга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 26-майында Ош шаардык сотунун судьясы 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген Казак каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү М.У.М.га карата айыптоо өкүмүн чыгарган. Ал он жылга эркинен ажыратылып, сот залында камакка алынган.

Ал эми 2022-жылдын 11-ноябрына караган түнү Ош шаарындагы караоке-клубдардын биринде кол салуу болгон. 8-декабрда окуяга шектелип кайрадан Казак кармалган.

Оштун криминалдык милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун Казак сыяктуу мүчөлөрүн кармап жатышканын, оор кылмыш кылганына карабай соттор аларды эркиндикке чыгарганына нааразы болгон.

Ыкчам кызматкерлер 2019-жылдын октябрь айында Казак катуу сабаган деген шек менен кармалганын эске салды. Анда ал досу менен "Ош" кафесинин кызматкерин сабап салышкан. Бир күндөн кийин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Бирок сурак учурунда анын жактоочусу "Тез жардам" чакырып, ал ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк Ош шаардык сотунун судьясы аны үй камагына чыгарган.

Эки күндөн кийин Казак дагы бир кылмышы үчүн кармалган. Такталгандай, ал досу менен 16 жаштагы кызды зордуктап, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок 2020-жылдын 8-январында судья Айнура Сулайманова кримавторитетти үй камагына чыгарган. Анан эки күндөн кийин дагы бир адамга кол салуу уюштурган.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх