Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Талас электр тармактар ишканасында туруктуу коррупциялык схема аныкталды

Бул факты боюнча “Түндүк электр” ААКнын мурдагы башкы директору кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу жана энергетика тармагын өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна коркунуч келтирген кылмыштуу чабуулдардан коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштин жүрүшүндө Талас электр тармактар ишканасында бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Талас электр тармактар ишканасынын айрым кызматкерлери электр энергиясынын жетишсиздигине карабастан, жеке коммерциялык абоненттер менен алдын ала сүйлөшүп, узак убакыт бою алардын электр энергияга болгон карыздарын мамлекеттик органдарга кошумча ойдон чыгарылган кВт саат төлөмдөрдү кошуу менен жаап келишкени аныкталды.

Тактап айтканда, айрым бюджеттик уюмдар электр энергиясын керектөө үчүн мамлекеттик бюджеттен банктык которуулар аркылуу төлөшкөн. Бирок Талас электр тармактар ишканасынын кызматкерлери төлөнгөн каражаттарды финансылык жана бухгалтердик алдамчылык жолу менен коммерциялык уюмдардын (ири соода жана өнөр жай ишканаларынын) эсебине салып турушкан. Ошол эле учурда коммерциялык уюмдардын өздөрүнүн касса аркылуу төлөнүүчү каражаты накталай чыгарылып, өздөштүрүлүп турган.

КР Энергетика министрлигинин Кыргызстандын улуттук электр тармагына караштуу Чуй электр тармактар ишканасынын адистери жана “Аудит-Консалтант” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке аталган ишкана 4 761 578 сом зыян келтирген.

Бул факты боюнча “Түндүк электр” ААКнын мурдагы башкы директору О.Н.К. жана буга чейин “Түндүк электр” ААК Талас филиалынын Шаардык тармагынын жетекчиси кызматын аркалап келген О.А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК пресс-борбору

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх