Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көл областында педофилди өмүр бою жазага тартышты

53 жаштагы эркек 13 жаштагы секелек кызды зордуктагандыгы үчүн соттолду

12 жаштагы кызды зордуктаган кишини сот өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл райсотунун канцеляриясынан билдиришти. Сот отуруму кечээ болгондугун айтышты.

Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургунун «Жашы жете элек кызды зордуктагандыгы» тууралуу берене боюнча күнөөлүү деп табышты.

Мындан мурда Vesti.kg сайты Чолпон-Атада жаш кыз адашып калып, жардам сурап таксистке кайрылгандыгын жазгандыгын эсиңиздерге салабыз. Кыз машинада отуруп жылынып алууну суранган. Ал киши кызды кароолканага алып барып, чай берип, андан соң зордуктаган. Ал кармалганда күнөөсүн мойнуна алган.

Окуя 2018-жылдын март айында болгон. Кыздын апасы арыз менен милицияга кайрылган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх