Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Паракор-милиционер менен макулдашууга барган жактоочу кармалды (видео)

Юрист маселени 4 миң доллар менен чечүүгө жардам берген

ЭККМК (каржы полициясы) кызматкерлери тарабынан пара алуу фактысы боюнча материал каралды.

Ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөндө, ИИБ кызматкери жактоочу «К.А.» менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, маселени оң жагына чечүү үчүн ортомчу катарында 4 миң доллар алып берген.


Бул факт боюнча Башпрокуратура КР КК 313-2 беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду (паракорчулукка ортомчу түшүү).
    
2018-жылдын 25-июнунда ЭККМК кызматкерлери менен ИИМ кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштерди жүргүзүүлөрүнүн натыйжасында жактоочу «К.А.» 270 миң сом пара алып жатканда кармалды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту бөгөт коюу чарасын тергөө бүткүчө камакка алуу менен көрдү.

ЭККМК пресс-кызматы
Фото www
 

    

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх