Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмне үчүн Казакстан Камбар-Ата ГЭСин курууга кызыктар?

Казакстан Президентинин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн ар тармактуу мамилелеринде жаңы инвестициялык багыттар талкууланды. 

Сүйлөшүүлөрдөгү маанилүү жаңылыктарынын бири - Касым-Жомарт Токаев Камбар-Ата ГЭСинин курулушун сунуш кылгандыгы болду. Бул Кыргызстан үчүн өтө маанилүү жаңылык, анткени ал келечекте республиканын энергия жетишсиздиги көйгөйүн чечип, сууну да жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн бекемдейт. Бул биздин өлкө үчүн көптөн бери көздөгөн максаттардын бири экени талашсыз.

Негизи, гидроэлектростанцияны куруу демилгеси Совет мезгилинен бери талкууланып келет. Андан кийин бул багытта Россия менен кызматташууга аракет жасалды, бирок жыйынтыгы жок. Башкача айтканда, долбоор көптөн бери талкууланганы менен, иш жүзүнө ашырылбай келген. Өзбекстандын биринчи Президенти Ислам Каримов сугат суусу Кыргызстандын шантаж жана манипуляция объектиси болуп калышы мүмкүн деп чоочулап, бул объектинин курулушуна каршы чыкканы жалпыга жакшы маалым. Башкача айтканда, коңшу мамлекеттин мындай ири долбоордун ишке ашуусуна такыр кызыкчылыгы жок эле. Ушуга окшогон кырдаал Тажикстанда Рогун ГЭСинин курулушу боюнча да болгон. Мындай долбоорлор көбүнчө эл аралык мамилелерди курчутуп, анча-мынча тартышууга да алып келиши ыктымал. Суу маселелери боюнча башка мамлекеттер да Орто Азияда чоң чыр-чатактардын потенциалын көрүштү, аны акыркы мезгилдеги мөңгүлөр эрип, сууну сарамжалсыз пайдалануу менен өзүбүз да күчөтүп жаткандайбыз.

Ошондуктан, биринчи кезекте кырдаалды оңдоо үчүн – ишеним атмосферасы аркылуу коңшу мамлекеттер менен пайдалуу мамилелерди түзүү керек. Бул багыттагы маанилүү кадам 2019-жылы жасалган. Ошол жылы Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери консультативдик жолугушуу үчүн бир столго чогулушкан. Ошондон баштап, аймактык эволюциялык процесс интенсивдүү өнүгө баштады.

Камбар-Ата ГЭСинин долбоору боюнча кызматташуу ниети бул чөлкөмдөгү жаңы саясаттын көрүнүктүү көрүнүштөрүнүн бири болуп аныкталды. Бул демилгени Өзбекстан да колдоду. Суу - энергетикалык тутумун биргелешкен күч-аракет менен гана чечүүгө болот деген талкуулар кызуу жүрдү. Өнөктөштөр жаңы генерациялоочу кубаттуулуктар Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин түшүнөт. 2010-жылга чейин өлкөдө электр энергиясынын запастары кенен болсо, акыркы жылдары тартыштыктар байкалууда. Жаңы ГЭСти киргизүү менен, республикага кошумча 1 миң 860 мегаватт берилет, ал бардык муктаждыктарды гана эмес, электр энергиясын экспорттоону да камсыз кылат.

Казакстан жана Өзбекстан өз кезегинде айыл чарбасынын толук сугат менен камсыз болуусу үчүн бул долбоорго кирүүнү каалашат. Эки коңшу мамлекеттин кызыкчылыктары бул жерде айдан ачык.

Борбордук Азия гана эмес, бүткүл түрк дүйнөсү менен кеңири кызматташуу, карым-катнаш аркылуу гана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн Казакстан Президенти башкы багыт баамдаган сыяктуу. Түркияга болгон сапарынан кийин дароо Кыргызстанга келген Токаевдин түрк саякатынын максаты да белгилүү.
Камбар-Ата ГЭСи күн тартибиндеги бирден-бир маселе эмес, андан башка дагы алдыдагы алгылыктуу аракеттер талкууланды.
Чек ара гана эмес, эки өлкөнүн алыскы аймактарынын байланышын бекемдеген Биринчи Региондор аралык Форум өткөрүлөт. Кыргызстан-Казакстандын Бизнес Кеңеши иштей баштады. Казакстан аркылуу ташылган товарлардын транзитине байланыштуу тараптар чек арадагы тыгындарды болтурбоо үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого макул болушту.

- "Биз өкмөттөргө өз ара сооданы 2 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү милдетин койдук", - деп белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров билдирди.

Жалпысынан, жолугушуу жыйынтыгында региондор аралык кызматташууну активдештирүүгө, айыл чарба, билим берүү, инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы мамилелерди активдештирүүгө, жарандык жана кылмыш иштеринде өз ара укуктук жардам көрсөтүүгө, өзгөчө кырдаалдар жаатындагы өз ара аракеттер, анын ичинде чек ара аймактарындагы табигый өрттөрдү өчүрүү жана авиациялык издөө жана куткаруу жаатындагы өнөктөштүк жөнүндө жалпысынан 13 документке коюлду.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх