Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жапаров менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Талкууланган маселелер

Сүйлөшүүдө эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселеси талкууланган.

Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылар эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык, каржы жана гуманитардык тармактарды өнүктүрүүнүн мындан аркы аспектилерин талкуулашкан.

Ошондой эле Россиянын ЕАЭБдеги жана Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын алкагында Евразия мейкиндигинде биргелешип иштешүү боюнча бир катар маселелер каралганы айтылды.

Аны менен катар кыргыз-орус союздаш мамилелерин дагы да бекемдөө жана азыркыдай жеке байланыштарды улантууну тастыкташкан.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх