Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

Аны министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Түркмөнстандын президентин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Фото министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх