Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ленин районундагы шайлоо

Беш талапкерге күрөө кайтарылып берилет

28-майда Ленин районундагы №26 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезексиз шайлоо өтүп, анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева көпчүлүк добушка ээ болгон(35,83%).

Беш пайыздык босогодон ашкан дагы төрт талапкер 100 миң сом шайлоо күрөөсүн кайтарып алууга укугу бар.

Ниязалиевадан тышкары төмөнкү талапкерлерге күрөө кайтарылып берилет:

Акыл Айтбаев - 5,67%;
Илимбек Аттокура уулу - 5,15%;
Эртай Искаков - 7,56%;
Улан Сариев – 11,88%.
Мындан тышкары, Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү учурунда талапкерлердин жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн аракеттерине келип түшкөн даттанууларды карайт.

Жалпысынан шайлоо процесси башталгандан тандоого байланыштуу 20 арыз келип түшкөн.

Арыздар каралгандан кийин Ленин районундагы мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгы чыгарылат.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх