Садыр Жапаровдун демилгеси менен Чолпон-Атада жаңы эс алуу паркы ачылды (фото)
Парктын жалпы аянты 16 гектарды түзөт
Президент Садыр Жапаров 30-майда Чолпон-Ата шаарында анын тапшырмасы менен курулган жаңы паркты ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эс алуу жана сейилдөө үчүн жерди уюштурууну мамлекет башчысы демилгелеп, бул максатта № 2 Мамлекеттик резиденциясынын аймагын бөлүп берген.
Парктын жалпы аянты 16 гектарды түзөт, анын аймагында: амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан. Парк Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.