Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Бакиев ырайым сураса кандай чечим кабыл аларын айтты

Садыр Жапаров: “Ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар”

Журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден интервью алып, соцтармакка жарыялаганы көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратты. Коомдо азыркы бийлик Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келгенге ушундай жол аркылуу аракет көрүп жатат дегендери да болду. Бул талкуулар боюнча президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде түшүндүрмө берди.

Айтымында, Кадыр Кошалиевдин Бакиевден маек алуусу анын кесиби жана укугу.

Ар бир журналист кимден кандай маек алат, ал анын кесиптик иши жана укугу. Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок.

Ал эми Курманбек Бакиев 30 жылга соттолгон жана ал чечим дагы деле күчүндө дейт Жапаров.

"Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек.

Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгон. Издөөдө жүрүшөт. Келсе мен жогоруда айткандай, албетте, камалышат", - дейт президент.

Башкы прокуратуранын президентке берген маалыматтары боюнча, Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевдерге иш козголгон эмес, издөөгө алынбаптыр.

"Кокус Бакиевдер болбой эле Кыргызстанга келебиз, сот аркылуу акталабыз деп калса, бул элдин бөлүнүп-жарылуусуна алып келбейби?" деген суроого өлкө башчы мындайча жооп берди

"Отуз жылдан бери бөлүнүп-жарылып жүрүп, мамлекетти чачыратып жибере жаздадык го. Соттун чечимине жана мыйзамдарга баш ийебиз. Жаныш, Максимди соттор актап жиберээрине көзүм жетпейт. Анткени алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан".

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх